Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

Конституциялык сот депутаттын арызын карай баштайт


БИШКЕК. Конституциялык сот Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын 7-сентябрда карай баштайт. Арызда депутат Аскар Акаевдин 2005-жылдагы президенттик шайлоого катыша алар-албасын тактап берүүнү өтүнгөн. Анткени Жогорку Кеңештин кош палатасынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттери бул маселе боюнча карама-каршы чечим чыгарган. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети Аскар Акаев дагы бир ирет президенттик шайлоого бара албайт деп чечсе, Эл өкүлдөр жыйынынын комитети бара алат деген бүтүм чыгарган. Бул эки тыянактын кайсы бири Конституцияга туура келерин тактап берүүнү өтүнүп, депутат Чотонов Конституциялык сотко жыл башында кайрылган. 7-сентябрдагы сотко Мыйзам чыгаруу жыйынынан Азимбек Бекназаров, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынан Баяман Эркинбаев катышат. Бул тууралуу депутат Дүйшөн Чотонов бүгүн билдирди.

XS
SM
MD
LG