Чехиянын мурдагы коммунисттик бийлигинин өкүлү ден-соолугуна байланыштуу түрмөдөн бошотулду. Экс-Чехословакиянын коммунисттик бийлигинде кызмат өтөгөн Карел Хофман 1968-жылы советтик аскерлер басып киргенде мамлекеттик радиого оккупация тууралуу айтууга тыюу салган. Ошондогу аракети үчүн жакында төрт жылга эркинен ажыратылган 80 жаштагы Хофман түрмөдө бир айга жетпеген убакыт отургандан кийин саламаттыгы кескин начарлап кетип, бүгүн бошотулду. Ал – 1968-жылкы окуялар үчүн соттолгон Чехиянын жалгыз экс-жетекчиси болчу.
Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады.
Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Венера Сагындык кызы даярдады.