Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Ооганстандагы АКШнын аскердик базасы бутага алынды


Америкалык командачылык базага жаадырылган ракеталардан бир ооган кызматкери курман болуп, үч киши жараат алганын кабарлады. Жалалабат шаарындагы АКШнын аскердик базасынын жанында төрт ракета жарылган. Ал жердеги АКШ аскерлеринин өкүлү Скотт Нелсон кечээ Ооганстандын түштүгүндөгү жардыруудан Улуттар уюмунун кызматкери, америкалык жоокер жана Ооганстандык эки жансакчы жарадар болушканын билдирди. Кабулда НАТОнун күчтөрү кечээ курал-жарак катылган кампаны таап алганы маалымдады. Ырасми органдар Ооганстанда 9-октябрда өтө турган президенттик шайлоо алдында чабуулдар күч алышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG