Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:10

Франциянын премьер-министри барымтадагы эки журналист аман-эсен кутуларына ишенет


Жан Пьер Рафарен бүгүн журналисттер менен жолугушуу маалында Иракта барымтада отруган эки француз журналисти бошотуларына үмүт бар деп билдирди. Ал француз өкмөтү бул тууралуу айрым жагымдуу кабарларды алганын айтып, бирок бул иште али тоскоолдуктар бар экенин эскертти. Анын алдында Ирактагы барымтачылар менен сүйлөшүп жаткан ортомчулар жана Араб Лигасы Француз журналисттери жакында бошотулуп калышы мүмкүн деп билдиришкен. Барымтачылар француз өкмөтүнөн окуу жайларда башына жоолук салынып жүрүү жана башка диний символдорго тыюу салган мыйзамды жок кылууну талап кылышкан. Ал мыйзам Францияда бейшембиден тарта күчүнө кирди.

XS
SM
MD
LG