Орусиянын өкүлдөрү Бесландагы барымта кризисинде өлгөн адамдардын саны 300дөн ашканын билдиришти. Кечээ 1000ден ашуун киши камалып отурган мектепке орус аскерлери чабуул коюп, андан кийинки башаламан атышуу, жардыруулардан бардыгы канча киши набыт болгону такталып бүтө элек. Бүгүн бул окуялар орун алган Беслан шаарына Орусиянын президенти В.Путин барып кетти. Телеканалдар көрсөткөн ал сапары маалында Путин барымтачылардын максаты – Кавказда улуттар аралык уруш тутандыруу болгон деп белгиледи:
- Террорчулардын максаттарынын бири – Түндүк Кавказда улуттар аралык жек көрүү, уруш тутандыруу болгон. Алардын мындай бузукулугуна берилген ар бир адам террорчулардын жардамчысы катары каралат.
Путин барымтачыларга каршы күч колдонуу планы жок болчу, окуялар күтүүсүз жакка бурулуп кетти деп белгилеп, Түндүк Осетиянын чегараларын жабууга буйрук бергенин кошумчалады. Орусиянын баш прокурорунун орун басары Сергей Фридинский атышууларда 26 барымтачы өлгөнүн, үчөө аман-эсен колго түшкөнүн маалымдады.
Азыркыга дейре мектептеги урандылар астынан 322 кишинин өлүгү чыгарылганы, алардын 155и – балдар экени жарыяланды.