Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

6-сентябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Калаабыздагы гидрометеорологиялык борборунан алынган маалыматка караганда, 6-сентябрда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлүдө.

Абанын температурасы:
ТАЛАС облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30 градус болот.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +17…+22 градус жылуу, күндүз +27 ден +32 градуска чейин ысыйт.
Ал эми ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26 градус жылуу.
Тоолуу Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31 градус.
Борборубуз БИШКЕКТЕ күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+29 градус.
Күндүн узактыгы 12 саат 58 мүнөт.

Кабарларды Бүбүкан Досалиева даярдап окуду.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG