ОШ. Ош мамлекеттик университетинин ректорлук кызматына шайлоолорду өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы Адахамжан Сопуевдин билдиргенине караганда, ректорлукка талапкерлерди каттоо бир жума мурун жарыяланган. Бирок аз убакыт калганына карабастан алиге чейин учурда ректор болуп иштеп жаткан Бектемир Мурзубраимовдон башка бир да адам расмий түрдө талапкер катары каттоодон өтө элек.
Анткен менен жетекчилик кызмат үчүн мурунку ректор Бакыт Бешимов, ОшМУнун биринчи проректору Ташмамбет Кененсариев жана Ош технологиялык университетинин мурунку ректору Биймырза Токторалиевдер өз талапкерлигин коёт деген маалыматтар айтылууда.