БИШКЕК. Кыргызстандын Евразия экономикалык шериктештик уюмундагы вице-премьер министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетовго толук ыйгарым укуктуу элчи даражасы ыйгарылды. Ага негиз берген жардыкка президент Аскар Акаев ишембиде кол койду. Базарбай Мамбетов аталган уюмдагы өкүлдөн тышкары өкмөт аралык бир катар комиссиялардын кыргыз тарабын жетектеп жүрөт.