Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

М.Акаеванын атасынын аты билим берүү борборуна берилди


ТАЛАС. Талас областык билим берүү борборуна президенттин жубайы Майрам Акаеванын атасы Жамаке уулу Дүйшөндүн ысымы ыйгарылды. Бул окуяга арналган салтанатка «Мээрим» фондусунун төрайымы - Дүйшөн кызы Майрам Акаева, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, ошондой эле президенттик администрациянын, өкмөттүн бир топ жооптуу кызматкерлери, бир нече министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары катышышты. Жамаке уулу Дүйшөнгө орнотулган эстеликтин ачылыш аземинде сөз сүйлөшкөндөр айылдык карапайым Дүйшөн Жамаке уулу балдар-кыздарынын билим алуусуна зор маани берип, натыйжада анын үй-бүлөсүнөн профессор Майрам Акаевага окшогон илимдүү инсандар чыккандыгын айтышты. Борбордон келген төкмө акындар бар өнөрүн тартуулашты.

Спикер Алтай Бөрүбаев, облус губернатору Искендер Айдаралиев, башка коноктор борборго компьютер баш болгон белек-бечкек ыроолошту. Ушул эле күнү түштөн кийин Майрам Акаева туулуп өскөн Талас районундагы Көпүрөбазар айылындагы алар жашаган үйдө да Жамаке уулу Дүйшөндүн эстелиги ачылып, "Дүйшөн Ата" атындагы балдардын билим борборунун тушоосу кесилди.

XS
SM
MD
LG