Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 17:23

Казакстанга кыргызстандык байкоочулар барат


БИШКЕК. Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын байкоочулары Казакстанда 19-сентябрда өтө турган парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салат. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Сулайман Иманбаев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умурзак Узбеков менен жолугушууда билдирди. Кыргызстандын 50 адамдан турган байкоочусу Алматы, Жамбыл жана Түштүк Казакстан областарынын шайлоо участкаларындагы добуш берүүгө катышып, көз салышат. Ал эми Кыргызстанда жашаган Казакстандык шайлоочулар үчүн добуш берүү участкасы Казакстандын Бишкектеги элчилигинде ачылат.

XS
SM
MD
LG