БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Баяман Эркинбаев Аскар Акаевдин келерки президенттик шайлоого катышаар же катышпасын аныктоочу Конституциялык соттун жараянынан кабары жок. Бул тууралуу Баяман Эркинбаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, 7-сентябрда боло турган сотко катышууга чакыруу ала элек жана сотто кандай багытта сөз сүйлөп, кайсы тараптын чечимин коргоору али белгисиз. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук комитети өткөн жылы Акаев эмдиги жылкы президенттик шайлоого катыша албайт, ал эми Эл өкүлдөр палатасынын ушундай эле комитети "катыша алат" деген чечим чыгарган. Ушул эки башка чечимдин кайсынысы туура экендигин аныктап берүү өтүнүчүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко жолдоп, сот маселени 7-сентябрда караары кабарланган. Сотто Баяман Эркинбаев Эл өкүлдөр жыйынынын атынан, Мыйзам чыгаруу жыйынынан Азимбек Бекназаров катышууга жиберилген.