Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:20

Кытайда көмүр кендердеги соңку кырсыктардан, суу ташкын, жер көчкүдөн бир нече адам мерт болду


Мамлекеттик "Синьхуа" жаңылыктар агенттигинин кабарына караганда, өлкөнүн түштүк–батышындагы Гайчжоу провинциясындагы көмүр кендеринин биринде болгон бүгүнкү кырсыктан 10 кенчи каза таап, экөөсү жаракат алган. Ушул эле провинциянын экинчи бир көмүр кенин суу каптагандыктан, бүгүн эртең мененден тарта 10 кенчи шахтыда камалып калды.

Быйылкы жылдын алгачкы алты айында эле Кытайдын көмүр кендериндеги кырсыктан 3758 адам каза тапкан. Бирок айрым эксперттер курмандыктардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

Ал эми өлкөнүн батышындагы Сичуань провинциясында бейшемби менен ишембинин аралыгында тынбай жааган жамгыр артынан селди жана жер көчкүнү алып келип, натыйжада 21 адам каза таап, 40ы жаракат алган. Дагы 20дай киши дайынсыз.

XS
SM
MD
LG