Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

АКШнын Флорида штаты бороон-чапкынга кайрадан кабылды


"Френсес" деген бороон-чапкындын (урагандын) айынан эки миллиондой адам электр жарыгысыз калган. Ылдамдыгы саатына 140 чакырымдан ашкан шамал кечээ электр зымдарын үзүп, тал–теректерди омкорду. Штаттын эки жарым миллиондой тургунуна үйлөрүнөн кетүүгө көрсөтмө берилген. "Френсес" ураганы мунун алдында Багам аралдарына бир топ зыян келтирген эле, ал жерде эки адам каза тапкан. Флорида штаты бир айга жетпеген убакытта эки ураганга кабылып олтурат. Өткөн айда "Чарли" деген урагандан 27 адам өлүп, миллиондогон доллар чыгым болгон.

XS
SM
MD
LG