Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Натвар Сингх менен Хуршид Касуринин эки күндүк сүйлөшүүлөрү Делиде өтүп жатат. Анын алгачкы күнүнүн соңунан таратылган биргелешкен билдирүүдө жолугушуу "жылуу, жагымдуу жана конструктивдүү" маанайда өткөнү айтылган. Сүйлөшүү эртең улантылат. Пакистан тышкы иштер министрлигинин өкүлү Масуд Хан айрым индиялык гезиттердин тынчтык жараяны олку-солку болуп турат деген ырастоолорун четке какты:
- Мен биз чыйыр салуудан баштадык деп айтпайм. Мен силердин гезиттерде олуттуу ийгилик жок деп айтылганын көрдүм. Бирок эч кандай үзгүлтүк да болгон жок. Жараян уланууда, тышкы иштер министрлери жолугуп жатат. Бул маанилүү окуя, себеби сүйлөшүү ушундай ойлонулган.
Маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча сүйлөшүү өткөрүү демилгеси Индиянын мурдагы премьер- министри Атал Бихари Важпаи менен Пакистан президенти Первез Мушараф быйыл январда жолуккан учурда көтөрүлгөн эле.
Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине эки жак талашып келе жаткан Кашмир чөлкөмүндө тынчтык орнотуу, чегарадагы террорчулук, маңзат аткезчилиги, экономикалык алаканы кантип чыңдоо өңдүү маселелер киргизилген. Индия ар убак Кашмир чатагы башка маселелер менен чогуу каралышы керек деп эсептейт.
Эки өлкө 1947-жылдан бери Кашмир үчүн бир нече ирээт согушкан. Пакистан тышкы иштер министри Хуршид Касури сүйлөшүү алдында Кашмир – Түштүк Азиянын коопсуздугундагы чечүүчү маселе экенин белгиледи.