Бул тууралуу Ирактын бийликтери билдирди. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Аднан Абделрахмандын айтымында, Саддамдын оң колу катары эсептелген Иззат Ибрагим ад–Дури кечээ Тикрит шаарынын жанында өткөрүлгөн атайын операция учурунда кармалган.
Ирактын улуттук гвардиячыларынын ад-Дурини кайтарган согушкерлер менен болгон кагылышуусунда 70 адам жок кылынды же жаракат алды. Ак кан илдетинен жапа чекен ад-Дури туткундалган кезинде ооруканалардын биринде кан куйдуруп жаткан. АКШ армиясы менен элчилигинин өкүлдөрү азырынча бул окуядан кабардар эмес экенин билдиришти.