Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Иракта курман болгон америкалык аскерлердин саны 732ге жетти


Багдаддын чет жакасындагы америкалык аскерлердин кампасына кечээ кечинде жасалган чабуулда АКШлык эки жоокер окко учту. Кеминде 16 жоокер жарадар болду. Америкалык аскерлердин маалымдашынча, жарадар бир жоокердин абалы өтө оор.

Соңку жоготуулар менен Иракта былтыр согуш башталгандан бери окко учкан америкалык аскерлердин саны 732ге жетти.

Ирак полициясы жекшемби күнү эртең менен билдиргенге караганда, АКШлык аскерлер менен козголоңчулардын Ирактын түндүгүндөгү Талафер шаарчасында болгон аткылашуусунда 3 киши өлүп, 9 киши жарадар болду.

Жекшемби күнү Багдаддын түндүгүндөгү АКШлык күчтөр пайдаланган авиабазага жакын жерде болгон жардырууда америкалык бир жоокер жана ирактык эки жаран жардар болушту.

XS
SM
MD
LG