Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы байкоочуларды даярдай баштады


ОШ. Аталган коомдук бирикменин Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Эркин Муратасановдун айтымында, алдыда келе жаткан шайлоолордун жүрүшүн көзөмөлгө алуу үчүн коомдук бирикме тарабынан эки жүздөн ашуун байкоочу даярдалат. Алар негизинен Шайлоо кодексинин жоболорун окуп үйрөнүүдөн сырткары, шайлоочулардын тизмелерине көзөмөлдүк кылуунун жана добуш берүү учурундагы ар кандай будамайлоого жол бербөөнүн практикалык иш аракеттери менен таанышмакчы. Семинардын биринчи күнүндө анын катышуучулары, аларга укук берүүчү мыйзамдык негиздер басылган колдонмо китепчелер менен камсыз болушту жана шайлоо укугун бузууга байланыштуу бир катар учурлар боюнча түшүнүк алышты.

XS
SM
MD
LG