Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Баткенде ичкелтенин жыйылышы токтоду


БАТКЕН. Облустук санитардык көзөмөл борборунун 6-сентябрдагы маалыматына караганда, учурда ичкелтеге чалдыккан 11 бейтап ооруканада дарыланууда. Ал эми илдеттин жайылышы өткөн айдын соңунан тарта токтоду. Башкача айтканда, ошондон бери бир да оорулуу каттала элек. Жыл башынан бери облуста мындай жугуштуу илдетке 123 адам кабылган. Илдет жай айларында Баткен районундагы Кызылбек айылынан чыгып, тездик менен жайылып кеткен.

Баткен районунда акыркы үч жылдан бери жугуштуу ичкелте илдети токтобой келет. Маселен, аталган райондо 2002-жылы ичкелтеге чалдыккан 98, 2003-жылы болсо 91 адам катталган. Адистердин пикирине караганда, оорунун жыл сайын кайталанып жатышына таза суунун таңсыктыгы негизги себеп болууда.

XS
SM
MD
LG