Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:13

«Эл бийлиги үчүн» блогу кайрылуу таратты


БИШКЕК. Бүгүн «Эл бийлиги үчүн» саясий блогу президентке, Борбордук шайлоо комиссиясына, саясий партиялардын жетекчилерине, ЕККУга, эл аралык жана бейөкмөт уюмдарга кайрылуу жолдоду. Анда эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго карата даярдыктар тымызын жүрүп жаткандыгына тынчсыздануу билдирилген.

Буга өкмөттүн, чет элдик уюмдар менен банктардын долбоорлорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер бийлик колдоого алган айрым талапкерлер тарабынан жасалып жаткан аракеттер деп жарыяланып жаткандыгы жана анын негизинде уруучулук ,жердешчилик сезим эл арасында курчуп жаткандыгы далилдээрин жарыя кылды.

Ошондой эле Шайлоо кодексине киргизилген жаңы талаптарды элдин билбегендиги жана андан мамлекеттик кызматкерлер пайдаланып, шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жатышкандыгын белгилеп, мындай аракеттерди тезинен токтотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG