Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

Шахимардан боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр жүрүүдө


БИШКЕК. 6-сентябрда премьер-министрди угуп жатып депутат Исмаил Исаков парламенттин өкмөткө жолдогон токтомдору аткарылбай жаткандыгын белгиледи. Депутат мындай токтомдордун бири катары мисалга кыргыз-өзбек чегиндеги кыргыздардын Шахимардан аймагын кайтарып алуу маселесин камтыган 2002-жылдагы токтомду келтирди. Исаковдун пикирине караганда, Шахимардан кыргыздын жери, аны кайтарып алуу үчүн кыргыз өкмөтү жетиштүү аракет көргөн жери жок.

Исаков көтөргөн маселеге байланыштуу берген жообунда Николай Танаев Шахимардан боюнча Өзбекстан менен эки жылдан бери сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи:

- Өзбекстан менен талашта 76 аймак бар. Биз бүгүнкү күндө 960 чамалаш чакырым жерди кагазга түшүрдүк. Кагазга түшө элек дагы 250 чамалаш чакырым чегара тилкеси калды... Биз өзүбүздүкүнөн эч нерсе берели деген оюбуз жок. Шахимардан маселесин көтөрүп жатабыз, бул токтом бар үчүн эле эмес. Шахимардан биздин жер деген маселени эки жылдан бери көтөрүп келатабыз, - деди премьер-министр.

XS
SM
MD
LG