Ваймер китепканасындагы өрттө 30 миң баалуу китептин күлү көккө учту. Өткөн аптадагы өрттө жок болгон баалуулуктардын арасында Кайра жаралуу доорунан берки китептер жана Рококо сүрөттөрү бар эле.
Бүгүнкү пресс-конференцияда Германиянын өкүлдөрү дагы 40 миң чакты баалуу китепти калыбына келтирүү мүмкүн болбой тургандыгын маалымдашты. Дагы 40 миң китептин абалы аныктала элек. Өрттүн эмнеден чыкканын аныктоо үчүн федералдык деңгээлде тергөө башталды. Беш жумадан кийин бул китепкана коопсуз жайга которулмак. Ваймердин Классикалык Фонду китепканадагы бир миллиондой китептин бири да камсыздалбаганын билдирди.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Жаңыл Жусубжан Прагадан даярдады.