Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Түркия Европа Союзуна кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр эмес

Бул тууралуу Европа Биримдигинин кеңейиши үчүн жооп берген комиссар Гүнтер Ферхойген билдирди. Ферхойген Анкарада Түркиядагы реформа жараянын изилдеп жүрөт. Анын отчету 6-октябрда жарык көрмөкчү. Ферхойгендин айтымында, комиссия отчетто Анкаранын өкмөтүнө "акыйкат жана ачык-айрым" кеп-кеңешин берет.

Кирүү сүйлөшүүсүнүн мөөнөтү биримдиктин декабрдагы самитинде аныкталып калсын деп, Түркия эртелеп бир катар реформаларды жүргүзгөн. Ушул айдын башында Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер Түркия Евросоюзга келерки 10-15 жылга чейин кошула албайт деген эле.
XS
SM
MD
LG