Бесландагы мектепти орус аскерлери курчап турганда Грузиянын 2 кабарчысынын камакка алынышына байланыштуу Тбилиси Орусияга нааразылык нотасын жөнөттү. Көз карандысыз "Рустави-2" сыналгысынын журналисттери жума күнү кармалган эле. Учурда алар Түндүк Осетиянын баш калаасы Владикавказда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып турат.
Грузиянын президенти Михаил Саакашвили сыналгыдан чыгып сүйлөп, камакка алууну айыптады. Ал "журналисттерге кол тийгизүүгө болбой" тургандыгын белгилеп, аларды токтоосуз бошотууну талап кылды. Сыналгыга ылайык, кабарчылардын каттоо кагазы болгон эмес, каттоодон өтүү да зарыл эмес болчу.