Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Беслан курмандыктары жерге берилүүдө


120 чакты кишинин тажиясына чогулгандар шашылыш кеңейтилген көрүстөнгө толуп кетти. Беслан шаарынын акими Борис Уртаев шаарда гана эмес, бүткүл Осетияда жакынын жоготпогон киши калган жок деди.

Түндүк Осетиядагы мектепти барымталоо кризисинде ажал тапкандардын саны бүгүн 340 деп айтылып жатат. 400 киши дале ооруканада. Көп кишилер дагы деле оорукана, өлүкканалардан сөөгү табылбай калган туугандарын издеп жүрүшөт.

Анын аралыгында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: "Террористтердин улуту болбойт, алар көркоо, тегиз карамүртөз адамдар. Эл аралык терроризмдин эч кандай дин, ишеним же улут менен байланышы жок", деди.

Бүгүн Орусияда желектер жерге түшүрүлүп, эки күндүк аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG