БУУнун атайын элчиси Жан Пронк ырасмий Хартум өлкөнүн батышындагы Дарфур кризисин жөндөөгө берилген мөөнөттө чечкиндүү аракеттенбегенине карабай, Суданга каршы санкция киргизүү эрте деп санайт.
Жан Пронк Норвегияда жасаган билдирүүсүндө санкцияны “акыркы чара” деп атап, андай “ыкманы колдонууга убакыт жете элек” деди.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шартына ылайык Судан август айынын аягына чейин өкмөтчүл араб согушчандарын тартипке салуусу шарт болчу. Согушчандар дарфурлук 50 миңге жакын кара африкалыктын өлүмү, дагы 1 миллиондон ашуун адамдын үй-жайын таштап качуусу үчүн жооптуу.
Элчинин айтымында, Улуттар Уюму ушу аптада Судандан эл аралык тынчтык күчтөрүн Дарфурга киргизүүсүн талап кылган резолюциянын долбоорун иштеп чыгат.