Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Фаллужа кайрадан оттун кучагында


АКШлык күчтөр Ирактын Фаллужа шаарына сокку урганы кабарланууда. Кечээ күнү Фаллужа шаарынан 15 чакырымдай түндүктө автомобилге коюлган бомбадан АКШлык жети аскер жана ирактын улуттук гвардиясынын үч жоокери курман болушканын америкалык аскерий жетекчилик билдирген.

Кабарларга караганда, бул америкалык аскерлердин май айынан берки эң чоң жоготуусу болду.

АКШнын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2003-жылдын март айында Иракка каршы согуш башталгандан бери америкалык 985 аскер катардан чыкты.

Фаллужалык согушчандар дүйшөмбү күнү пилоту жок башкарылчу америкалык учакты атып түшкөнүн билдиришти. АКШлык аскерлер учак кырсыкка учураганын ырастап, бирок анын себебин маалымдаган жок.

XS
SM
MD
LG