Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Бесландагы кызыл кыргындын жаңырыгы


Россия эки күндөн бери Түндүк Осетиядагы кызыл кыргындын курмандыктарын эскерип, аза күтүүдө.
Бүгүн Москвада өтчү террорчулукка каршы демонстрацияга он миңдеген адамдар катышат деп күтүлүүдө. Кечээ дүйшөмбүдө Беслан шаарындагы барымта кризисинде өлгөн 200гө жакын адамдын жасаты жайга берилди.

Бийликтердин соңку маалыматы боюнча, Беслан мектебиндеги жума күнкү калабада 330дан көп адам окко учкан жана алардын теңи балдар. Жарадар болгон 400дөн көп адам ооруканда жатат. Ондогон адамдардын тагдыры дале белгисиз.

Бийликтер туткун катары көрсөткөн адамдын айтышынча, Беслан мектебине жасалган чабуулдун демилгечилери Чеченстандын мурдакы президенти Аслан Масхадов жана чечен козголоңчуларынын радикалдуу баштоочусу Шамил Басаев болгон. Масхадов “чабуулга тиешем жок” деп ырастоодо.

Федералдык күчтөрдүн кризис учурундагы аракети жана террорчуларга каршы мамилеси катуу сынга алынууда. “Известия” гезитинин башкы редактору Раф Шакиров Бесландагы кандуу окуяны чагылдыруу ыкмасы үчүн кызматтан кетүүгө мажбур болгонун маалымдады.

НАТОго мүчө өлкөлөр менен Россиянын өкүлдөрү бүгүн Брюсселде кездешип, Бесландагы террордук чабуулду талкуулашат. Ырасмий Брюсселдин маалымдашынча, НАТО терроризмге каршы күрөштө Россия менен тилектештигин билдирип, кандуу булоондун курмандыктарынын азасын тең бөлүшмөкчү.

XS
SM
MD
LG