ЖАЛАЛАБАД. Сотто диний экстремисттик партиянын өкүлү Алым Рахматкулов жана анын үч партиялашы көрсөтмө берди. Прокуратура айыптагандай 30-январда Рахманкуловдун үйүнөн диний кастыкты козгогон отуз сегиз баракча табылган. Алым жана анын уюмдаштары андай баракчаларды таркатпаганын, тартип сакчылары бардыгын чогуу башкармалыкка алып барып уруп-согушуп, бирөөсүнөн төрт миң сом тартып алганын белгилешти.
Кылмыш кодексинин 299-беренеси боюнча суралган Рахматкулов айыбын мойнуна алган жок. Адвокаты кошумча күбөлөрдү чакыртууну сунуш кылып, ишти кароо 15-сентябрга жылдырылды. Рахматкулов ушул эле айып менен мурда бир жарым жылга соттолгон.