Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Экспорттун жагдайы


БИШКЕК. Кыргызстандын экспортунун 44 процентин күмүш жана алтын түзөт. Мындай маалыматты бүгүн Экономика, тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин өнөр жай тармактары боюнча башкармасынын жетекчиси Жээнбек Садыков билдирди. Анын айтымында, мындан тышкары сурьма, тамеки, пахта, лампочка, айнек жана сымап экспорттолот. Бул продукцияларды өлкөнүн 700дөн ашуун ишканасы сатат жана аларды алууга дүйнөдөгү 100дөн ашуун мамлекеттер кызыкдар. Экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар ишканалар эмдиги жылы Карачи жана Дубай шаарларында боло турган дүйнөлүк ири көргөзмөгө катышуу аракеттерин көрүп жатышат. Бирок көп ишканалар эл аралык укук нормаларды билбегендиктен товарларын тышка чыгара алышпайт.

XS
SM
MD
LG