БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Россиянын мурунку президенти Борис Ельцин келет. Ал Бишкекте президент Аскар Акаев менен жолугушат. Андан кийин 8-сентябрда Кыргыз-орус славян университетинде болуп, мугалимдер жана студенттер менен жолугушат. Ельцин ошондой эле университеттин 26 студентине жеке фондунан стипендия тапшырмакчы.