Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Токтогул суу сактагычында суу көп


БИШКЕК. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү быйылкы жылдын күз жана кыш айларында өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоодо кыйынчылыктарды пайда кылбайт. Бул тууралуу бүгүн «Электр станциялар» акционердик коомунан кабарлашты. Маалыматка караганда, учурда Токтогул суу сактагычында 19 миллиард 300 миң кубо метр суу бар. Ал эми долбоорго ылайык суу сактагычта 19 миллиард 500 миң кубо метр суу сактоого болот. «Электр станциялар» акционердик коому ошондой эле айрым ГЭСтерди оңдоп-түзөө иштерин да аяктоонун алдында турат, деп белгиленген маалыматта.

XS
SM
MD
LG