Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Тажикстанда абал тынч эмес


БИШКЕК. Тажикстандын Гарм районундагы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын түштүк чегаралары күчөтүлгөн кайтарууга алынды. Бул тууралуу чегара кызматынын басма сөз кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, чегара бузуу болсо аны токтотуучу ылдам аракеттенүүчү чегара бөлүктөрү даяр турат. Тажикстандын Гарм районунда болсо куралдуу оппозиция өткөн жумада райондук милицияга кол салган. Анын натыйжасында каза болгондор бар. «Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчысынын маалыматы боюнча Тажикстандын Гарм жана башка бир катар райондорунда чыңалган абал сакталып турат.

XS
SM
MD
LG