Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:23

Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүн маалыматын угууну улантты


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык абалы тууралуу өкмөттүн маалыматын угууну улантты. Премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт өкүлдөрүнө бардыгы болуп 32 депутат суроо берип, жооп алышты. Депутаттар бул күнү да көбүнчө социалдык маселелерге көңүл бурушуп, минималдык айлык чыгымдын деңгээли менен айлык акы эмне үчүн жогорулабай жаткандыгына кызыгышты. Андан тышкары ички жана тышкы миграцияны жөнгө салып, айыл чарба продукцияларын сатуу үчүн ийкемдүү чараларды көрүүнү талап кылышты. Өкмөттүн маалыматын талкуулоо бейшемби күнү уланат.

XS
SM
MD
LG