Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Малайзиянын 1998-жылы камалган вице-премьеринин иши кайра каралат


Малайзиянын жогорку соту бүгүн өзүнүн атайын чечими менен өлкөнүн мурдагы вице-премьер министри Анвар Ибрагимдин ишин кайра карап чыгууга макул болду. 1998-жылы ал коррупциядан күнөөлөнүп камакка алынган жана кечээ күнү анын арка омруткасына Алманияда операция жасалды. Ибрагимдин аялы Ван Азизанын айтымында, анын эрки сынган жок:

- Абактагы алты жыл Анвардын эркин сындыра алган жок. Менин оюмча тескерисинче, чындыгында ал адилет башкаруучулук, демократия жана башка маселелер боюнча күрөш жүргүзүүгө жаңы күчкө толуп, анын чечкиндүүлүгү артты. Өзгөчө азыркы террорчулук мезгилинде бул абдан маанилүү.

Ибрагимдин айтымында, камакка алуу учурунда полиция сабагандыктан, анын кыр аркасына доо кеткен. Анын адвокаттары жакында Федералдык сотко кайрылып, биринчи соттук кароону утуп алгандан кийин, Ибрагим абактан бошотулган.

XS
SM
MD
LG