Ооганстанда 9-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катыша турган 18 талапкердин шайлоо өнөктүгү бүгүн расми түрдө башталды. Утурумдук президент Хамид Карзай өлкөнү бутуна тургузууга убада берүүдө:
- Эл мени президент кылып шайласа, менин өкмөтүм өз бутуна өзү турган мамлекет түзөт, Ооганстандын өзүнүн армиясы жана полициясы болот. Ал өз аймагын өзү коргоого кудуреттүү өлкөгө айланат жана бир да башка мамлекет аны жаман ниет менен карай албайт.
Талибан менен "ал-Каида" уюмдарынын калдыктары шайлоону үзгүлтүккө учуратууга бир топ аракет көрүүдө.