Түндө жөөт тик учмалары Газа шаарын бомбалагандан 14 адам өлүп, дагы кырктан ашык киши жараат алды. Израил өкмөтүнүн айтымында, "Хамас" уюмунун машыгуу борборуна чабуул жасалган. Израил-палестиналык сүйлөшүүлөргө арабдар тарабынан катышкан Саед Эракаттын айтымында, мындай чабуулдарды эч нерсе менен актоо мүмкүн эмес жана алар сүйлөшүү жараянына өз залалын тийгизүүдө. "Хамас" өкүлдөрүнүн айтымында, алар өч алат.