Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр бүгүн Осетиядагы мектепте курман болгондордун туугандарына Лондондон көңүл айтып, британиялыктардын көңүлү Орусияда жапа чеккендердики менен бирге деп билдирди. Блэрдин айтымында, террорго каршы согушта дүйнө акыр-аягында баары бир жеңип чыгат:
- Террорго каршы согушта биз ута алабыз, бирок ал үчүн коопсуздук чараларын гана күчөтпөстөн, бир топ башка да маселени чечиш керек.
Британиялык премьердин пикиринде, бул аракеттерде азыр дүйнө элдери мурда болуп көрбөгөндөй биримдикке келди.