ОШ. Үч жүздөй адам катышкан бул митинг Оштогу жогорку жайлардын студенттеринин демилгеси менен уюштурулду деп жарыяланды. Митингде сөз алышкан Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Досалы Иманбердиев, Москва мамлекеттик социалдык институтунун Оштогу филиалынын директору Саалы Турдубаев жана башкалар Түндүк Осетиядагы мыкаачылыктын натыйжасында 350гө жакын адамдын, көпчүлүгү жаш балдардын курман болгондугун дүйнөлүк маанидеги чоң жоготуу деп баалашты. Жакындарынан ажырагандарга, жалпы эле Орусия мамлекетине кайрат айтышты, терроризмге каршы тең катар күрөшүүнүн зарылдыгын белгилешти.