Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Сапармурат Ниязовдун «Рухнамасы» кыргыз тилине которулду


БИШКЕК. Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовдун «Рухнама» китеби кыргыз тилинде жарык көрдү. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган китептин бет ачаар аземи ушул жылдын 11- сентябрында Ош шаарында өтөт. Кыргыз тилине которулган «Рухнаманын» долбоор жетекчиси Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабиров.

«Рухнама» буга чейин орус, англис, немис, түрк, араб жана жапон тилдерине которулган. Түркмөн улутунун тарыхый жолу, түркмөн мамлекеттүүлүгү, улуттун руханий дүйнөсү баяндалган бул көлөмдүү китепти кыргыз тилине Жумали Бадиров которгон. Редактору - филология илиминин доктору, профессор Токтосун Аширбаев.

Президент Ниязовдун авторлугундагы «Рухнама» Түркмөнстадынн мектеп программаларына киргизилген.

XS
SM
MD
LG