Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Шайлоо, демократияга темаларына арналган үч күндүк окуу башталды


БИШКЕК. 9-сентябрдан 12-сентябрга чейин Бишкекте шайлоо, демократия темаларына арналган семинар өткөрүлөт. Ага Белорусия, Азербайжан, АКШ жана Грузиядан чакырылган эксперттер, саясатчылар, саясий партия жана бейөкмөт, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышат. Үч күнгө созулган семинарда демократияны жайылтуунун мааниси, демократия көпүрөсү деген эмне жана шайлоо өткөрүүнүн зарылчылыгы деген темалар боюнча талкуу жүргүзүлөт. Семинардын биричи этабы 9-сентябрда Бишкекте өткөрүлүп, калганы Ысыккөл обласында улантылат. Мындан иш-чаралар Төлөйкан Исмаилова жетектеген «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулууда. Семинарды өткөрүү Чыгыш Европадагы демократия институту тарабынан каржыланды.

XS
SM
MD
LG