Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Бишкекте атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн жыйыны өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Форум» өнөр-жай ишканасынын имаратында Кыргызстандагы «Атуулдук биримдик» уюму, бир катар саясий партиялар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Азербайжандын, Грузиянын саясий эксперттеринин катышуусу менен жыйын өттү. Жыйында Грузиядагы, Азербайжандагы саясий жараяндарга, алардын саясий системасында орун алган өзгөрүүлөргө, ошондой эле постсоветтик өлкөлөрдөгү коррупция проблемалары, сөз эркиндигине, саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын ордуна байланыштуу маселелер талкууланды. Жыйында соңку жылдары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда Кыргызстанда бейөкмөт уюмдары активдүү өнүгүп жаткандыгы, бирок коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар эч кандай натыйжа бербей келгендиги жөнүндө айтылды. Мында ошондой эле Азербайжанда эркин басма сөз каражаттарынын абалы оор экендиги жонүндө да айтылды.

XS
SM
MD
LG