БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте каржы министрлигинде СПИД оорусун көзөмөлдөө боюнча Борбор Азиялык долбоорду даярдоого Жапониянын өкмөтү тарабынан грант бөлүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду. 890 миң АКШ доллары олчөмүндөгү бул грант Кыргызстанга, Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга берилет. Макулдашууга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Крис Лавлейс, Борбор Азия өлкөлөрүнүн элчилери жана Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев кол коюшту.
Жапония тарабынан бөлүнгөн грант Дүйнөлүк банкка мүчө болгон Борбор Азия өлкөлөрүндө СПИД дартынын жайылышын алдын алуу, ВИЧ-инфекциясына чалдыккандарды дарылоо иштери боюнча долбоорду ишке ашырууга жумшалат. СПИДке каршы күрөшүү боюнча эл аралык уюмдардын маалыматтарына ылайык, дүйнөдө бул дарт менен ооругандардын жалпы саны учурда 38 млн. адамды түзөт. Ал эми Борбор Азия аймагында 90 миң ВИЧ-инфекциясына кабылган адам жашайт. Адистердин айтымында, эгерде тиешелүү чаралар көрүлбөсө, аймакта кийинки эле жылы ВИЧ-инфекциясын алып жүргөн адамдардын саны 1 млн. 650 миңге жетиши ыктымал. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда иммундук таңсыктыкка учураган адамдардын саны 508ге жетти.