Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Кыргыз-орус (Славян) университетине Б.Ельциндин ысымы ыйгарылды


БИШКЕК. Бишкектеги Кыргыз-орус (Славян) университетине Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин ысымы ыйгарылды. Бул жөнүндөгү атайын жардыкка президент Аскар Акаев бүгүн университетте өткөн салтанаттуу азем учурунда кол койду. Салтанатта президент Аскар Акаев Кыргызстанда бул окуу жайынын ачылышына Ельциндин кошкон зор салымын баса белгиледи. Ельцин өз сөзүндө Орусиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында алгачкы ирет анын ысымы жогорку окуу жайына ыйгарылып жактандыгын белгилеп, терең ыраазычылыгын билдирди.

Университетте өткөн салтанатта Ельцин бул окуу жайдын 25 студентине 1200 рубльден стипендия тапшырды. Орусиянын экс-президенти ошондой эле кийинки жылдан тарта университеттин аспиранттарына да Ельциндин фондунан стипендиялар бериле баштайт деп маалымдады. Өлкөдөгү айрым саясатчылар аталган окуу жайга Ельциндин ысымынын ыйгарылышына сын-пикирлерин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG