ГРОЗНЫЙ. Чеченстанда Федералдык аскерлер менен чечен козголоңчулардын кагылышуулары уланууда. Бүгүн эртең менен Грозныйда фугастык бомбанын жарылуусунан Россиянын бир аскери курман болду, үчөө жаракат алды. Аскерлер инженердик чалгындоо жүргүзүп жатышкан. Россиянын аскерлери өткөн түнү Чеченстандын Ведено районунда чечен командири Апти Сулумхажаевдин үч согушкерин жок кылышканы маалымдалат. Кагылышта россиялык бир солдат курман болуп, экөө жаракат алышты. Ал эми Шали районунда россиялык бир солдат минага жырылып кетип, оор ахвалда госпиталга жеткирилди.