Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:05

Президент Дзасохов Түндүк Осетия өкмөтүн кызматтан кетирет


ВЛАДИКАВКАЗ. Түндүк Осетиянын президенти Александр Дзасохов өкмөттү жакынкы эки күндүн ичинде кызматтан кетире турганын жарыялады. Бул жөнүндө президент Владикавказда өтүп жаткан митингде билдирди. Митингдин катышуучулары Түндүк Осетиянын өкмөтүн, президент Дзасоховдун өзүн жана күч колдонуучу мекемелерди барымта кризиси учурундагы аракеттери үчүн кескин сынга алышты.

- Жакшылык-жамандыкта эл менен бирге болууга ант берген адам эл алдына чыгып, эмне болуп жатасыңар, деп элдин ал-ахвалын сурап, колдоп койгон жок. Биз бүгүн ага ишенбей калганыбызды билдирүү үчүн чыктык,- деди митингдин катышуучуларынын бири.

Президент Дзасохов ишемби күнү барымта окуясын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлө турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG