Европа Биримдиги Түркияны кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр башталмайынча Анкаранын алдына жаңы шарттарды койбойт. Бул тууралуу Анкарага барган Евробиримдиктик кеңейүү иштери боюнча комиссары Гюнтер Ферхойген билдирди. Түркиядагы реформалардын абалы тууралуу жаңы Европалык отчет октябрь айында жарыяланат. Ферхойген Анкарада күрт коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугуп маектешкенден кийин түрк өкмөтү күрттөрдүн жарандык жана маданий укуктарын сактоо жаатында дагы көп иштерди жасашы керек деп белгиледи. Евробиримдиктин лидерлери декабрдагы саммитинде Түркияга ырасми чакыруу берүү маселесин талкуулашат.