Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

АКШ акыры жеңет


Жорж Буш Иракта ажал тапкан америкалык аскерлердин саны 1000ден ашканына карабай, АКШ акыры жеңет деп белгиледи. "Акыр-аягы биз үстөмөндүк кылабыз, анктени азаттык мамлекетти, элдин жүрүм-турумун өзгөртүүдө. Эркиндик бейпилдикти орнотот, ошондуктан биз аскер кийимин кийген аялдар менен эркектердин эрдигин баалайбыз. Курман болгон ар бир аскер үчүн кайгырабыз", - деди АКШ президенти Вашингтондо кабарчылар менен жолугушуу маалында.

Бул күнү президенттик шайлоо кампаниясын Охайо штатында уланткан сенатор Жон Керри Иракта курман болгон аскерлердин саны 1000ден ашканын трагедиялуу көрсөткүч деп атады. Ирактын Фаллужа калаасында америкалык учактар согушкерлер жашырынган аймактарды бомбалашты, жергиликтүү догдурлар чабуулдан кеминде алты киши набыт болгонун кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG