БАТКЕН. Облус губернаторунун орун басары Токто Илязовадан 9-сентябрда алынган маалыматка караганда, Беслан шаарындагы кайгылуу окуядан жабыр тарткандарга Баткен облусунун атынан бир тоннага жакын кургатылган өрүк гуманитардык жардам иретинде жөнөтүлдү. Жалпы наркы жүз миң сомдон ашуун каражатты түзгөн бул гуманитардык жардам облустун бардык район, шаарларынан чогултулду. Ушул эле күнү облус аймагындагы бардык мектептерде "Биз терроризмге каршыбыз" деген ураан астында митингдер өттү. Өлкөнүн билим берүү министрлигинин демилгеси менен Бесландагы террордук актан каза тапкандардын жакындарына, андан жабыр тарткан адамдарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган акциянын алкагында өткөн мындай митингдерде кайгылуу окуяда курман болгондор эскерилип, терроризмди айыптаган сөздөр айтылды.