Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

Регионалдык жолугушуу башталды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Атуулдук көпүрөлөрдү куруу» аттуу регионалдык жолугушуу башталды. Кыргызстандагы «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму менен АКШнын Чыгыш Европадагы демократия институту уюштурган бул жыйынга Азербайжан, Грузия, Орусия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Анда "Демократия үчүн атуулдук көпүрөлөрдун мааниси эмнеде?" деген тема боюнча АКШнын Чыгыш Европадагы демократия институтунун жетекчиси Ирена Ласота, Өзбекстандын социологдор ассоциациясынын президенти Жамшед Бахриев, «Кавказдагы атуулдук көпүрөлөр» уюмунун төрайымы Новелла Жафарова, ал эми демократияга өтүүдөгү проблемаларга байланыштуу Грузиянын парламентинин депутаттары Ивлиан Хаиндрава, Теймураз Нергадзе, Кыргызстандын «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев, Казакстандагы адам укуктары боюнча бюросунун төрагасы Сергей Дубанов, Чеченстандын «Латта» коомдук уюмунун жетекчиси Леча Ильясов жана башкалар сөз сүйлөштү.

Тбилисиден келген парламентарийлер Грузиянын саясий, экономикалык системасында орун алып жаткан жараяндарга токтолушту. Регионалдык жолугушуу 10-12-сентябрь кундөрү Чолпон-Ата шаарында «Аврора» пансионатында улантылат. Анда Кавказ региону менен Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укуктары, сөз эркиндиги, атуулдук коомдун өнүгүшү, коорупция жана башка маселелер кеңири талкууланат.

XS
SM
MD
LG