Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:26

Жергиликтүү шайлоолорго даярдык боюнча кенешме өттү


БИШКЕК. Бүгүн Өкмөт үйүндө 10-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго карата даярдыктар боюнча кенешме болду. Ага президент Аскар Акаев, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жергиликтүү шайлоолорго карата даярдыктар боюнча маалымат берди.

Жыйында президент Акаев жана Сулайман Иманбаев коомчулуктун жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди көрсөтүүгө начар катышып жаткандыгына тынчсыздангандыгын билдиришти. Ал эми Сулайман Иманбаев өз сөзүндө жыйынга катышып отурушкан жергиликтүү администрация башчыларына кайрылып, аларды жергиликтүү кеңештерге талапкерлерди жылдырууга жана талапкерлерди каттоодогу миң сомдык төлөмдү төгүп берүүгө көмөк көрсөтүүгө үндөдү.

Мамлекеттик башчы бул жолку шайлоого калк чындыгында демократиялык шайлоону терең түшүнүү менен барат деген пикирин жана шайлоо улуттук мыйзамдардын негизинде гана өткөрүлөөрүнө ишенимин билдирди.

"Борбордук шайлоо комиссия башчысы Сулайман Иманбаевдин жогорудагыдай сөзү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан туура эмес кабыл алынышы толук ыктымал. Тагыраак айтканда Борбордук Шайлоо комиссия башчысынын мындай кайрылуусу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн мамлекеттик каражатты тигил же бул талапкерди колдоо үчүн өздөрү каалагандай пайдаланышына түрткү берүүгө негиз берет". Мындай мазмундагы тынчсызданган билдирүүнү ушул эле күнү Эдил Байсалов жетектеген «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы таратты.

Ошондой эле билдирүү ээлери талапкерлерди каттоого коомчулуктун начар катышып жактандыгын жаңы кабыл алынган Шайлоо кодексиндеги шайлоо кампаниясынын жүргүзүү тартибинин олуттуу өзгөргөндүгү менен байланыштырып түшүндүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG